www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл башында камалган мамлекеттик кызматкер Жарасул Абдураимов ооруканада каза болгонун бир тууган агасы Каныбек Осмоналиев билдирди.
Каныбек Осмоналиев бир тууган агасы төртүнчү стадиядагы боор рагынан жабыркап, абалы оор экенин бир нече ирет жолу жазып чыккан.
Эске сала кетсек, “Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчиси Абдураимовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна түшкөн.
65 жаштагы Жарасул Абдураимов Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы завод, “Дастан” сыяктуу бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштесе, 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январына чейин экономика жана коммерция министринин орун басарынын кызматын аркалаган. 2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров Жарасул Абдураимовго “Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгарган.