www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди ташуу үчүн 12 атайын унаа тапшырылды.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов ишкананын өкүлдөрүнө унаалардын ачкычтарын тапшырды.
Маалыматка ылайык, атайын унаалар дары-дармектерди медициналык мекемелерге, анын ичинде алыскы аймактарга өз убагында жеткирүүгө багытталат.
Алардын алтоосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилген.
Буга чейин «Кыргызфармация» дары-дармектерди ташуунун бир бөлүгүн жеке транспорттук уюмдардын жардамы менен ишке ашырып келген.
Улан Маматкановдун айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда фармацевтикалык продукциянын өндүрүш көлөмү 1,7 эсеге өскөн.
Ошондой эле ал 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана башка эл аралык иш-чараларга байланыштуу саламаттык сактоо системасы жогорку даярдыкта болушу керектигин белгиледи.