www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү жалпы билим берүү уюмдары үчүн "Кыргыз тили" предмети боюнча окуу китептерин иштеп чыгууга авторлорду тандоо сынагын жарыялайт.
Ведомстводон маалымдашкандай, сынак 12 жылдык билим берүү моделине өтүү жана окуу китептеринин мазмунун жаңылоо максатында өткөрүлүүдө. Документтер 2026-жылдын 28-февралына чейин кабыл алынат.
Кимдер катыша алат?
Мектеп, ЖОЖ жана колледж окутуучулары;
Методисттер жана филолог-изилдөөчүлөр;
Окуу-усулдук материалдарды иштеп чыгууда тажрыйбасы бар адистер жана жаш педагогдор.
Арыздар kitepkura.edu.kg сайты аркылуу онлайн же Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257 дареги боюнча кабыл алынат. Кошумча маалымат үчүн: +996 556 10 11 48.