www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилгенин маалымдайт. Аталган чаралар кытай тараптын демилгеси менен киргизилүүдө.

2026-жылдын 30-апрелинен тартып:
• «Иркештам-автожол» өткөрүү пункту Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дөн тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот; 
• «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дөн тартып ишин токтотот. 

Аталган өткөрүү пункттарынын иши 2026-жылдын 2-майында саат 08:00дөн тартып кайра жандандырылары пландалууда. 
«Бедель-автожол» өткөрүү пункту 2026-жылдын 1-майынан 5-майына чейин жабык болот. Пункттун иши 2026-жылдын 6-майында саат 08:00дөн тартып (Бишкек убактысы боюнча) кайра жандандырылат.

Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жана жүк ташуучуларга каттамдарды жана ташуу мөөнөттөрүн пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт. 
 

Последние новости