www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 13–17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана КЭР СУАРдын бажы органдарынын кызматкерлери кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарга жеринде баруу менен биргелешкен изилдөө жүргүзүштү.
Тараптар «Торугарт» өткөрмө пунктуна, ошондой эле КЭРдин «Топо» бажы органына жана КРнын «Кара-Булак» бажылык тариздөө жайына барышты. Негизги көңүл жүктөрдү тариздөө, транспорт каражаттарынын өтүүсү жана контролдон өтүү процессине бурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө санариптештирүү, транспорт агымдарын башкаруу жана инфраструктураны модернизациялоо маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди, анын ичинде байланыш офицерлеринин санын көбөйтүү, өткөрмө пункттарында автоунаалардын топтолушун жөнгө салуу механизмдерин жакшыртуу, өз ара кызматташууну күчөтүү жана маалымат алмашууну өркүндөтүү маселелери камтылды. Ошондой эле кыргыз тарап «Торугарт» өткөрмө пунктун кытай тараптан түнү-күнү иштөө режимине (24/7) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан кароону сунуштады.
Жүргүзүлгөн иштер чек арадан өтүүнү ылдамдатууга, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.