www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Ак-Тилек унаа жолу" чек ара бекетинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана салык органдарында каттатууга тиешелүү документтери жок товар аныкталганын кабарлады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, "Вольво" үлгүсүндөгү автоунаадан 4 млн даана 200 куту даяр тамеки табылган.

Учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Буга чейин УКМК кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде ишкерлерди тоноп жүргөн кылмыштуу топ аныкталганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, ишкерлерден акча чогултуу боюнча туруктуу схема түзгөн деген шек менен эки киши кармалган, алар уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүнүн жакын туугандары экени аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости