www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында жашаган немис улутундагы жарандардын иштери боюнча Кыргыз-Герман өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны өттү. Бул тууралуу ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 12-майында Бишкек шаарында эки тараптуу Комиссиянын кезектеги, 17-жыйыны болуп өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык өкмөтүнүн көчүп келгендер жана улуттук азчылыктар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бернд Фабрициус теңтөрагалык кылышты.

Жыйынга эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын немистеринин элдик кеңеши» коомдук бирикмеси жана "Немис гуманитардык жардам фонду" коомдук фонду катышты.

Катышуучулар Комиссия эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги механизми бойдон калып жатканын, ал эми Кыргызстанда жашаган немис коомчулугу эки элдин ортосундагы "достук көпүрөсү" катары кызмат кыларын белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө Комиссиянын мурунку, 16-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын аткарылышы каралып, Кыргызстандагы этникалык немистердин немис тилин, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоо боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын немистеринин элдик кеңешин", "Немис гуманитардык жардам фондун", ошондой эле Кыргыз-Немис достук жана кызматташтык үйүн колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында немис тилин окутууну кеңейтүүгө, ошондой эле DAAD жана Гёте-Институтунун линиясы боюнча академиялык алмашууларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жаштардын жана ишкерлердин демилгелерине, анын ичинде немис жана кыргыз-немис ишкерлер клубунун ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык жана илимий алмашууларды улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды жана алдыдагы мезгилге карата өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекемдеген биргелешкен Коммюнике кабыл алынды.

 

Последние новости