www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматов менен коштошуу зыйнаты эртең, 26-мартта саат 11: 00до өзү өмүрүн арнаган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келе жаткан актер Абдыкалык Акматов көптөн бери оор илдет менен алышып келген.

Абдыкалык Акматов — театр жана кино тармагында 50 жылдан ашык кызмат өтөгөн, белгилүү кыргыз актёру. Ал сахнада жана кинодо ондогон ролдорду ойноп, көрүүчүлөрдүн жана кесипкөй коомчулуктун алкоосуна ээ болгон.

Өткөн аптада Садыр Жапаров маданиятты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамын ыйгарган.

Последние новости