www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кийинки жылы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду өз ишин баштайт деп ойлойм», — деди бүгүн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.
Анын айтымында, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча долбоорлорду ишке ашырууга каралган Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун каражаттары толугу менен Улуттук банктын эсебине которулат. Бул фонддун ишин баштоого мүмкүндүк берет.
«Мындан тышкары, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн своп-операциялар системасы каралган. Бул Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары Финансы министрлигинде улуттук валютага конвертация болот дегенди билдирет. Бул бизге келерки жылдан баштап чакан жана орто бизнести төмөнкү тарифтер менен каржылоого мүмкүндүк берет», — деди Данияр Амангелдиев.
Булак: NazarNews.kg