www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калың кардан улам Кынды ашуусунда жолдо калган туристтер куткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдо аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Катуу шамал согуп, көрүнүш кескин начарлаган. Натыйжада Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаа менен бара жаткан Кыргызстандын эки жараны жана Кореянын эки жараны жолдо калып калган.

Оор аба ырайына карабастан, эки жаран саат 07:00 чамасында «Кынды» чек ара заставасынын көзөмөл-өткөрүү жайына жөө барып, жардам сурап кайрылышкан. Алардын чечкиндүү аракетинин негизинде ыкчам чаралар көрүлүп, кооптуу абалда калган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүлдү.

Коопсуздук чаралары толук камсыздалып, жабыркагандар болгон жок.

Адистер тоолуу аймактарда аба ырайы кыска убакыт ичинде кескин өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертишет. Жарандар жана туристтер тоо жолдоруна чыгар алдында аба ырайы тууралуу маалыматты тактап, коопсуздук эрежелерин сактоосу зарыл.

Последние новости