www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарында курулуш талаптарын сактабаган  Кытай компаниясына 200 мин сом айып салынды. 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына таянсак, көзөмөл иштеринин жүрүшүндө Нарын шаарында курулуп жаткан саркынды суу түтүктөрүн куруу учурунда белгиленген техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбагандыгы аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарына жана сапат стандарттарына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “China Road and Bridge Corporation in Kyrgyzstan” өкүлчүлүгүнө карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди белгиленген талаптарды так сактоого жана курулуш ченемдери сакталбаган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.

Последние новости