www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсептөө палатасы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде 2024-жыл ичиндеги бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин жүргүздү.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 1 млрд 585 млн 293,5 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды.

Негизги мыйзам бузуулар:

дебитордук карыздарды эсепке алуудагы каталар – 1 млрд 169,3 млн сом;

Курулуш иштери: Жумуштардын наркын жана көлөмүн негизсиз жогорулатуу – 166,1 млн сом;

башка булактардан төлөнө турган чыгымдарды бюджеттин эсебинен жабуу – 85 млн сом;

каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу – 40,2 млн сом;

эсепке алынбаган мүлктөр (26,6 млн сом) жана эмгек акы боюнча ашыкча төлөмдөр (24 млн сом).

Аныкталган жалпы сумманын ичинен 349,4 млн сому кайра кайтарылууга тийиш. Аудиттин жүрүшүндө анын 122,2 млн сому (35%) мамлекетке кайтарылды.

Эсептөө палатасы аныкталган кемчиликтерди жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча министрликке катуу тапшырмаларды берди.

Последние новости