www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перуда массалык курмандыкка чабылган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды. Бул тууралуу ББС жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 227 баланын сөөгү Перунун Уанчако шаарына жакын жерден табылган. Сөөктөр 5 жаштан 14 жашка чейинки балдарга тиешелүү. Окумуштуулар балдар 500 жыл мурда курмандыкка чалынган деп болжолдошууда. Археологдор кээ бир сөөктөрдө тери жана чачтар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганын айтышкан.

Окумуштуулар муну чиму элине тиешелүү деп жатышат. Чиму уруусу Перунун түндүгүндө жашап, ал аймактагы эң күчтүү цивилизация түзө алышкан. Инка уруусу басып алганга чейин 1200 жана 1400 жылдары алардын гүлдөп-өнүккөн мезгили болгон.

Учурда Уанчакодо казуу иштери улантылып жатат, археологдор дагы көп сөөк табалат деп күтүп жатышат.

Эске салсак, мындан бир жыл мурда да Перуда курмандыкка чабылган балдар көмүлгөн 2 мүрзө табылган эле. Анда 200 баланын сөөгү чыккан.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости