www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эл дүрбөсө,эшек кошо дүрбөйт" деген сөз бар эмеспи, дүрбөгөндөр дүбүрөп парламенттен кача башташты. 

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу маселелер каралууда. Жыйынга бүгүн аз эле депутаттар катышып жатат. Отурумга келбеген эл өкүлдөрү жумуш учурунда каякта жүрөт деген суроо туулат.

Эл өкүлдөрү аз болгондугуна байланыштуубу, айтор мыйзам долбоорлорду “шатыратып” жатышат. Бир мыйзам долбоору талкууланса талкууланды, талкууланбаса жок.

Ошондой эле, өмүрү карааны көрүнбөгөн, депутат болгондон бери оозунан бир сөз чыкпаган эл өкүлдөрүнүн күнү болду. Алар бүгүн “эч ким жокто” сүйлөп калалы дешип, акылдуу көрүнүп, “орчундуу” сүйлөп коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости