www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүмдөрүнөн түзүлгөн 9 команданын ортосунда кичи-футбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Иш-чара компаниянын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгына карата уюштурулду. Мелдешке башкы кеңсенин, Балыкчы өткөөл базасынын жана Кумтөр кен жайынын кызматкерлери катышты.

Мелдештин ачылыш аземинде «Кумтөр Голд Компанинин» Башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлерди сергек жашоого үндөө менен бирге, ич ара ынтымакты бекемдөөгө, жамааттык тилектештикти арттырууга багытталганын баса белгиледи.

«Биз үчүн — геологдор, тоо-кенчилер жана тоо-кен тармагына тиешеси бар башка кесиптин өкүлдөрү үчүн — бекем ден соолук жана жакшы физикалык даярдык күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү. Кызматкерлер арасында өтүп жаткан бул мелдеш, биринчи кезекте, спортту, сергек жашоо образын жайылтууга, жамааттык тилектештикти арттырууга жана компаниянын 33 жылдыгын майрамдоого багытталды», — деди ал.

Ишкана жетекчиси катышуучуларга бүйүр кызыткан мыкты оюн каалап, эң татыктуулары жеңсин деген тилегин билдирди.

Последние новости