www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги үлүшү мамлекетке таандык болгон "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн материалдары боюнча компанияда башкаруу функцияларын аткарган кээ бир адамдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын мамлекеттин жана уюмдун кызыкчылыктарынан өйдө коюп, жеке пайда алуу жана айрым юридикалык жактардын кызыкчылыктарына таасир этүү максатында майды сатууда билип туруп пайдасыз келишимдерди түзүшкөн. Натыйжада, ишкана өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учураган.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинде (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Көз карандысыз аудитордун корутундусуна ылайык, майдын бир бөлүгү бузуулар менен сатылган-бухгалтердик эсепти кыйгап өтүү жана тиешелүү төлөмү жок. 2023-2024-жылдарда майды сатууда келтирилген зыяндын жалпы суммасы 16 461 900 сомду түзөт.
Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында компаниянын башкаруучуларынын бири- 1981-жылы туулган Ж.А. кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.