www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында жеке менчик чакан учак үйлөрдүн үстүнө кулап түштү. Азырынча окуянын кесепетинен эки адам каза болуп, сегиз адам жабыркаганы белгилүү болду. Бул тууралуу ABC News билдирди.
АКШнын федералдык авиация башкармалыгынын маалыматы боюнча, Cessna 550 чакан учагы конгонго бир нече секунд калганда, болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 3:45те кулап түшкөн. Учактын ичинде алты адам болгон.
Маалым болгондой, учак Sound Talent Group музыкалык агенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири Дэйв Шапирого таандык болгон. Мекеме анын кырсыктан каза болгонун тастыктады.
Сан-Диего өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы Дэн Эдди басма сөз жыйынында беш кишинин түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылганын, дагы бир адам терезеден качууга аракет кылып жатып жарадар болгонун айтты. Дагы эки адам жеңил жаракат алган.
Эдди кырсыкка ошол күнү эртең менен аймактагы калың туман себеп болушу мүмкүндүгүн айтты.
Басылманын маалыматына караганда, учактын кыйрашынан улам чоң өрт чыккан. Анын кесепетинен 10 имарат жана бир нече унаа жабыркаган. Алардын бири толугу менен талкаланган.
Учактын бортунда каза болгондордун так саны азырынча белгисиз. Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Таиландда учак сууга кулап, анын ичиндеги 5 адам каза болгон. Учак кырсыгы Пхет Бури провинциясынын Ча-Ам шаарында болгон. Учак жергиликтүү пляждан 100 метр алыстыкта деңизге кулап түшкөн.
Шехроз Жалгашев, Ташкен