www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов биринчи президент Аскар Акаев берген маектен кийин социалдык тармактардагы айрым колдонуучулардын агрессивдүү пикирлерине байланыштуу оюн билдирди.
Анын айтымында, айрым интернет колдонуучулар маектеги айтылган ойлорду жүйөлүү талдоонун ордуна орой сөздөргө, негизсиз айыптоолорго жана кемсинтүүгө өткөн.
Кулов мындай көрүнүш тынчсыздануу жаратарын белгилеп, бул боюнча расмий статистиканы мисал келтирди.
«Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, өлкөдө психиатриялык эсепте турган адамдардын саны 53 миңге жакын. Бул катталган учурлар гана. Ошондуктан айрым агрессивдүү жана адекватсыз комментарийлердин болушу эч кимди таң калтырбашы керек», — деди ал.
Ошондой эле саясатчынын пикиринде, Акаев маек учурунда курч суроолордон качпай, аларга жооп берген. Бирок айрым колдонуучулар анын айткан сөздөрүн талкуулоонун ордуна жеке кемсинтүүгө өтүп кеткен.