www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын мурдагы тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өлкөдөгү согуштун жүрүшүндө Киевдин пайдасына чечүүчү бурулуш болду деген билдирүүлөрдү "жөө жомок" деп атады. Анын айтымында, Украина азыр да энергетикалык жана аскердик-экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп турат.
Кулеба жакынкы кыш мезгили дагы олуттуу сыноо болорун эскертип, оптимисттик билдирүүлөр кырдаалды өзгөртө албай турганын белгиледи.
Буга чейин Зеленский алдыдагы айлар Украина үчүн чечүүчү мезгил болорун билдирген. Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москва туруктуу тынчтыкты көздөй турганын жана атайын операция сүйлөшүүлөр боюнча чечим кабыл алынмайынча улана берерин айткан.