www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20 жылдан ашык убакыттан бери кулчулукта жүргөн Б.Зуура Кыргызстанга кайтып келет. Ал Казакстанда документтери жок жүргөнүн Кызыл жарым ай коомунун үй-бүлө байланыштарын калыбына келтирүү кызматынын кызматкери Салтанат Абжапарова билдирди.

Анын айтымында, Б.Зуура 1995-жылы Казакстанга аялдар менен бирге иштегени барып, документин жоготуп алган.

«Казакстандын Чилик деген районуна биздин мекендешибиз тууганын издеп барып, Б.Зуураны көрүп калган. Андан туугандары тууралуу сураса, Ош облусунун Кара-Кулжа районунан экенин айтып, ыйлап жиберген. Зуура 20 жылдан бери документтери жок, мекенине келе албай жүргөн экен. Бул тууралуу бизге Б.Зууранын сиңдиси да кайрылды.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги, "Жаш муун" коому аны Таусугур айылындагы жайлоодо мал кайтарып жүргөн жеринен табышкан. Биздин коом анын бардык документтерин таап жөнөттүк. Биз Зуурага психологиялык жана социалдык жардам бере алабыз. Учурда ал Казакстандан Кыргызстанга келүү үчүн жолго чыкты. 19-сентябрда Кызыл жарым ай коомунун үй-бүлө байланыштарын калыбына келтирүү кызматынын 25 жылдык мааракесине карата аны бир туугандары менен жолугуштурабыз. Ага чейин ал Бишкек шаарындагы кризистик борборго жайгаштырылып, медициналык кароодон өткөрүлөт», - деди С.Абжапарова.

Б.Зуура Казакстанга барганга чейин Ош шаарындагы тигүү цехтеринде иштеп жүргөн. Союз таркагандан кийин аялдар менен Казакстанга кетип, дайынсыз жоголгон. Учурда ал 51 жашта деп жазат Турмуш басылмасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости