www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда Куланак ГЭСинин жана Куланак өзү агып чыгуучу каналынын курулушуна байланыштуу жаңы жол жана көпүрө салынууда.
Курулуш иштери Нарын–Баетов унаа жолунун 33–38-чакырымдарында, тактап айтканда, Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүргүзүлүп жатат.
Нарын облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров аталган аймакка барып, жол жана көпүрө куруу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Жол чарба департаментинин №2 аймактык бөлүмүнүн башчысы Асылбек Чойбеков аткарылып жаткан иштер, курулуштун этаптары жана белгиленген мөөнөттөр тууралуу маалымат берди.
Облус башчысы курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана талаптарга ылайык бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.