www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.

Маалыматка ылайык, бул арыз БШКнын 10-марттагы жыйынында каралат.

Конгантиев Жогорку Кеңешке №21 бир мандаттуу шайлоо округунан 13 379 добуш алып шайланган. Ал «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобунун мүчөсү.

Мындан тышкары, ал өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин NazarNews сайты Конгантиев жана дагы бир нече депутат мандатын тапшырышы мүмкүн экенин жазган.

Последние новости