www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4 чакырылыштарынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков коронавирустун жайылышын токтотуу максатында өлкөбүзгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдардан улам кыргыз элине жана бийликке Сунушун айтты.
Кубанычбек Исабековдун кыргыз элине жана бийликке Сунушу төмөнкүчө:
"Урматтуу мекендештер!
Коронавирус бүткүл дүйнө жүзүн каптабадыбы. Бул оорунун көп эл жашаган шаар, айыл жана мамлекеттерде тез тарап жатканы белгилүү болбодубу. Бир жарым миллиард калкы бар Кытайда темирдей тартип менен эле вирусту жеңгени, баарыбызга үлгү болду. Биз кыйынбыз деген АКШ, Европа мамлекеттеринде коронавирусту жугузгандардын жана андан көз жумгандардын саны тез өсүп, жер жүзүндө жашаган адамзаттын үрөйүн учурууда. Стратегиялык өнөктөшүбүз Россияда дагы абал күндөн – күнгө оорлоп бара жатат. Ал өлкөдө бир күндө эле вирус жугузгандардын саны 2800гө жакындады. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, чоң мегаполис Москва шаарында өзгөчө кырдаал жана пропуск системасы киргизилди.
Тилекке каршы, биздин Кыргызстанда жаман илдетке кабылгандар 449 болду. Контактта болгондор 7 000ден ашты. Алардын ичинен өз кызмат милдеттерин баатырлык менен аткарып жүргөн медицина жана милиция кызматкерлеринин саны 100дөй. 5 киши көз жумду. 10дон ашыгы реанимацияда. Саламаттык сактоо министирлигинин маалыматы боюнча, ооруган жаш балдардын саны 40тан ашты. Экономикабыз жана социалдык абал төмөндөөдө. Бул оор кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу катары, эң негизги деп эсептелген элибиздин ден-соолугун, коопсуздугун камсыздоо үчүн бир топ мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтү айласыздан, өлкөбүздөгү өзгөчө кырдаалды, анан Бишкек, Ош шаарларындагы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорундагы коменданттык саатты 30-апрелге чейин узартышты. Көп оорулар катталган Нарын менен Ат-Башыга дагы ушундай чектөө киргизилди. Иш-каналар токтоп, орто- чакан бизнес кризиске учурап, бюджетибизге акча түшпөй, ички-сырткы карызыбыз көбөйүп, көпчүлүк элибиз кыйналууга дуушар болгонун, ачуу-таттуу сөздөрдү, сындарды угаарын билип турса дагы, жетекчилерибиз бул кадамга аргасыздан барууга мажбур болушту.
Өзгөчө күнүмдүк оокатын эптеп таап, үй-бүлөөсүн багып жүргөн жарандарыбызга, оорукчалдар менен майыптарга, сырт жерде эмгектенип, Кыргызстанга келе албай жүргөн жердештерге оор болууда.
Тилекке каршы, бийликке ишеним күндөн – күнгө азайып, шаарлар менен айылдардын, жаштар менен улуулардын, байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым күчөөдө.
«Багы жокко-дагы жок» дегендей, апрелде кар жаап, суук болуп, жаңы гүлдөгөн бак-дарактар, жашылчалар үшүп, айыл багбандарынын эмгеги үзгүлтүккө учурады. Айта берсе арман көп. Бирок, түшүнсөк болот.
Мен окурмандардан суранаарым: ойлонуп, ойгонуп, алдыга умтулалы! Башыбыздан мындан да оор замандар деле өтпөдү беле. Башка жол жок да. Жалаң эле жамандыкты айтпай, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлүк. Ар бирибиздин, бала-бакыра, тууган-туушкандарыбыздын, эл-журтубуздун ден-соолугу, мамлекетибиздин келечеги, азыр өзүбүздүн колубузда экенин унутпасак. Чыдабаска арга жок. Темирдей тартиптүүлүк менен, ынтымакта бул илдетти жеңелик. Колубуздан келишинче бири – бирибизди колдоп, боорукерлик көрсөтүп, моралдык, материалдык жардам кылалык. Көңүлүбүздү көтөрөлүк. Жаман иштерден алыс болууга аракеттенелик. Пейилибизди, ниетибизди оңдоп, ыймандуу болуп, улуубузга урмат, кичүүбүзгө ызаат көрсөтөлүк. Пайдасыз чыгымдарды кыскартып, ысырапкерчиликтен алыс болуп, үнөмдүү жашаганга үйрөнөлүк.
Эртеден кечке жумушта болуп, театр, спорт жана эс алуучу жайларына каттап, той-тобурга барып жүргөн элге үйдө отуруп калганына кыйын болду.
Мүмкүн, колу бошобой, убактысы аз болуп жүргөн ата-энелердин балдарынын тарбия-окуусуна, маданиятына, үй-бүлөөсүнө көңүл бөлүүсү аз болгондур. Азыркы учурдан пайдаланып, бул ишти жөнгө салбайлыбы. Балдарыбыздын байкабай жүргөн таланттарын, чеберчиликтерин аныктап, патриоттукка тарбиялап, келечегине өбөлгө бололук.
Жан кейиткени, интернет желесинде бир тобу жаман сөздөрдү айтып, душманына кылгандай мамиле жасап, элибиздин, өлкөбүздүн дарегине доо кетирип жатышат. Өзү кыргыз болуп туруп, улутунан уялгансып, бүткүл тарыхый кыргыз элин ашатып сөгүп, малга теңегени, өзүнүн билиминин тайкы, маданияты жана тарбиясы жок экенин далилдегендери да бар. Аларга тескерисинче, мен мисалы кыргыз болуп төрөлүп, Ысык-Көлдө өсүп, чоңойгонума бактылуумун деп эсептейм жана сыймыктанамын! Ал эми аларды болсо, элибиздин, Өлкөбүздүн чыккынчылары, душманы десек дагы болот. Тилекке каршы, бул инсандардын көпчүлүгү жаштар менен аял кишилер болууда. Тартип сакчыларына баш ийбей, коркутуп, адептүүлүктү унутуп, улуу-кичүүсүнө карабай, кол көтөрүүгө чейин барышууда.
Ар нерсенин чеги болот да! Демократия – бул мыйзамдуулук экени эсибизде болсо.
Мамлекетибизден жалаң эле талап кылбай, мен Өлкөмө эмне жакшы иш жасадым деп, өзүбүзгө суроо берсек!
Медалдын эки бети болот демекчи, чектөө киргизгенден кийин бийликке айтаар сунуш-пикирим:
1.
а)Өкмөтүбүз, тез аранын ичинде иштеп чыгып, элибизди бириктирген, ишендирген, жоопкерчиликти мойнуна алган, коронавирус оорусунан чыга турган жана андан кийинки экономикалык кризисти жеңе турган планын маалымдаса;
б)Өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин, күнүмдүк жумушунан айрылып, каражаты жок, үй-бүлөөсүн бага албай калган жарандарыбызга, тамак-аш, даары-дармек менен камсыздоону, ж.б. гуманитардык жардам көрсөтүүнү, бийлик катуу контролго алса;
в)Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө, кадр саясатын оңдоо максатында, бийлик структурасын оптималдаштырып, мобилдүү, сапаттуу бийлик болуш үчүн, Өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтердин кызматкерлеринин санын кыскартса;
г)Учурдагы абалды эске алып, Президентибиз, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн башчылары, баардык мамлекеттик кызматкерлерге үлгү катары, айлыктарын, чыгымдарын азайтса;
д)Азыркы оор абалда, элибиздин ден-соолугун, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киргизилген өзгөчө кырдаал жана коменданттык сааттарда, мыйзамдардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алып, темирдей тартипти орнотсоңуздар. Мамлекеттик органдардагы, комендатуралардагы проблемаларды оперативдүү карап, тезинен чечсе;
е)Элибизге түшүнгүдөй сиздердин пландарыныздар, өзгөчө кырдаал боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө, ачык-айрым маалыматтар айтылса. Мамлекеттин акча жана материалдык каражаттарынын, эл аралык кредиттердин, гранттардын, гуманитардык жардамдардын жана фондтордун багыттуу сарпталышы, коомчулукка убагында, так жеткизилсе;
ж)Колунуздардан келишинче Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине көнүл бөлүп, аларды тамак-аш, кийим-кече, керектүү дары-дармектер менен камсыз кылып, Жеништин 75-жылдыгы татыктуу өткөзүлсө;
2.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү стабилдүүлүктү сактап, азыркы пандемияга байланышкан кризистен мамлекетибизди татыктуу чыгарам десе, келе жаткан күзгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосун мыйзам чегинде, ачык-айкын, конкуренттик өнүттө, сеники-меники деп бөлбөй, таза жана тең-тайлаш өткөрсө.
Ал эми шайлоого катышам деген саясий партиялар анык патриот болуп, эл үчүн күйсө, ошол маалдагы күйүүчү майлар, эт-аш, ичимдик, добуш сатып алууга, ж.б. элге пайдасыз, келечегибизге балта чапчу чыгымдарга кете турган акча каражаттарын, азыркы өтө керектүү болуп турган кайрымдуулук жана өнүгүү фондусуна салышса жакшы болоор эле.
Шайлоочуларыбыз болсо, Өкмөт теңдикте уюштуруп берген массалык маалымат каражаттарындагы партиялардын программаларын угуп, татыктуусун тандап, добуштарын берсе. Аттин ай, алданыптырмын, сатылыптырмын дебей, мына мен шайлаган партия жана депутаттар жакшы иштеп жатат деп, ыраазы болуп, сыймыктансак.
3.
Сөзүмдүн акырында мекендештериме кайрылаарым: дагы бир жолу бийликке ишеним көргөзүп, колдоп, ушул оор кырдаалда биригелик, чыдамкайлык көрсөтөлүк, ынтымакта бололук, сабырдуулукту жана тартиптүүлүктү сактап, бул илдетти жеңелик! Кыргызстандын жарык келечегин бирге орнотолук! Сиздерди урматтоо менен Кубанычбек Исабеков", - деген сунушунда.
Булак:NazarNews.kg