www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-марттагы жыйында «2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карап,үч окууда кабыл алды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Маалымат менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Борубашев тааныштырды.
Макулдашууда Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин эсебинен КРСУнун кампусунун объектилерин куруу, кыргыз тараптан 30 гектардан кем эмес аянттагы жер тилкесин бөлүп берүү, ошондой эле объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууну камсыздоо каралган. Аталган долбоор Кыргыз Республикасында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин заманбап кампусун түзүүгө багытталган. Кампус 15 000 студентке ылайыкталып, окуу корпустарын, жатакананы, медициналык кластерди, өндүрүштүк цикли менен ашканаларды, кошумча имараттарды жана курулмаларды кошкондо толук инженердик жана билим берүү инфраструктурасы менен камсыздалат. Кампустун курулушун Байтик айылында ишке ашыруу пландалууда.
Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев менен Жылдыз Садырбаева аталган макулдашуунун шарттарына байланыштуу бир катар жагдайларды такташты. Депутаттар Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова КРСУнун филиалдарын республиканын башка облустарында ачуу маселесин кароону сунушташты. Ал эми депутаттар Махабат Мавлянова жана Сеидбек Атамбаев контракттык негизде окуу акысын төмөндөтүү, ошондой эле социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн чыккан абитуриенттер үчүн бюджеттик орундарга квоталарды берүү маселелерин белгилешти.
Жыйында мындан тышкары «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.