www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва облусундагы "Крокус сити холлдо" жасалган терактынын хронологиясы толук түзүлгөнүн Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин президент Владимир Путинге атайын кеңешме учурунда маалымдады.

Учурда адам өмүрүн алган каргаша боюнча тергөө иштери уланып, эксперттер окуя болгон жерди текшерип, карап жатышат.

Окуянын хронологиясы төмөнкүдөй болгон:

Москва убактысы боюнча саат 18:54тө төрт кылмышкер "Рено" автоунаасы менен "Крокуска" келип, элдин топтолушун күтүп турган;

саат 19:58де куралчан террорчулар көчөдөгү көрүүчүлөргө ок чыгара баштаган;

алар имараттын кире беришине, андан кийин концерттик залга кирип, жолунан чыккандарды ылгабай аткылап кирген;

бөтөлкөгө куюлган бензин менен имаратты өрттөп, саат 20:11де чыгып кетишкен;

чыгып баратып жолдогу өтмөктөн эки баласы менен бараткан үй-бүлөнү сүзүп кетишкен. Оор жаракат алган балдар азыр ооруканада;

кол салгандардын баары Россия-Украина чек арасына алып барчу Брянск облусунан кармалган;

Окуя болгон жерде АК-74 үлгүсүндөгү эки автомат, 500дөн ашык ок, 28 октолгон магазин, түбүндө бензини калган бөтөлкөлөр табылган;

айыпталуучулар жашаган батирди тинтүү учурунда алардын манжа издери, ошондой эле кол салууда колдонулган чүпүрөк менен куралдардын бөлүкчөлөрү табылган;

айыпталуучулардын баары күнөөсүн мойнуна алып, ошондой эле терактыны жасоого буюртма бергендер менен көмөк берген адамдар тууралуу көрсөтмө берип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости