www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалымат менен Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы Бакыт Тентишев тааныштырды.
Мыйзам долбоору асыл тукум жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизинде өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргыз Республикасында асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу сунушталууда.
Жыйында ошондой эле «Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө» мыйзам долбоору дагы каралып, экинчи окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен бир топ жаңы түшүнүктөр («геомаалымат системасы», «геомаалыматтык технологиялар» ж. б.) киргизилүүдө. Ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары такталууда. Мындан тышкары мейкиндик маалыматтарын иштеп чыгууда, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктары үчүн картографиялык ишкердүүлүктү жүзөгө ашырууда мейкиндик маалыматтарынын мамлекеттик фондунда камтылган мейкиндик маалыматтарын жана материалдарды, бирдиктүү электрондук картографиялык негиздин маалыматтарынын милдеттүү пайдаланышы да каралган.