www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Ташкентке келиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул боюнча Куала-Лумпурдагы чүчүкулак тартуудан кийин белгилүү болду. Анда Өзбекстандын «Пахтакор» клубу Сауд Арабиянын «Аль-Наср» командасына каршы өз талаасында оюн өткөрүү укугуна ээ болду.
АФКнын Элиттик Чемпиондор лигасы — Азиядагы башкы клубдук турнир жана Чемпиондор лигасы 2ден бир тепкичке жогору турат.
Элиттик турнирдин катышуучуларынын саны биринчи жолу 32ге чейин көбөйтүлдү. Командалар 16 клубдан турган батыш жана чыгыш аймактарына бөлүнүшкөн. Ар бир катышуучу сегиз матч өткөрөт — төртөө өз талаасында жана төртөө конокто, андан кийин ар бир аймактан эң мыкты сегиз команда 1/8 финалга чыгат.