www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кремль Анкарада өтүп жаткан НАТО саммитинен келип жаткан бардык маалыматтарга кылдат байкоо жүргүзөрүн билдирди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдады.
Анын айтымында, саммитке даярдык көрүү мезгилинде Россияга байланыштуу көптөгөн билдирүүлөр айтылган.
«Бул саммитке даярдык көрүү учурунда өлкөбүзгө байланыштуу көптөгөн билдирүүлөрдү уктук. Тилекке каршы, алардын көбү диалогго эмес, тирешүүгө багытталган мүнөздө болду. Эми алардын жыйынтык документтеринде кандайча чагылдырыларын жана саммиттин алкагында өтө турган эки тараптуу жолугушууларда эмне айтыларын көрөбүз», — деди Песков.
Белгилей кетсек, Анкарада өтүп жаткан НАТО саммитинде негизги талкуу темалары катары Украинадагы согуш, Альянстын коргонуу саясаты жана Россияга байланыштуу коопсуздук чаралары каралууда.