www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги 2026-жылдын жайкы сезонунда Казакстандын ири шаарларынан Ысык-Көл эл аралык аэропортуна (Тамчы) түз үзгүлтүксүз авиакаттамдар ишке киргенин билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июлдан 31-августка чейин Астана – Ысык-Көл – Астана жаңы багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Ошондой эле 18-июндан 30-августка чейин Алматы – Ысык-Көл – Алматы багыты боюнча авиакаттамдар кайра жанданып, алар бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлүүдө.

Каттамдар Airbus A320 үлгүсүндөгү учактар менен аткарылат. Астанадан Ысык-Көлгө учуу убактысы болжол менен эки саатты, ал эми Алматыдан бир саатка жетпеген убакытты түзөт.

Элчилик бул долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон Казакстандын Транспорт министрлигине, Астана жана Алматы эл аралык аэропортторунун жетекчилигине, ошондой эле FlyArystan авиакомпаниясына ыраазычылык билдирди.

Последние новости