www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан «Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотуу максатында козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 22-январында Ыссык-Көл облусунда, аталган ДЭУнун 18 мүчөсүнүн жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү иштеринин натыйжасында, кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын жашаган даректеринен экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле уюлдук телефондор табылып, алар расмий түрдө материалдык далил катары алынды.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында аталган «Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан баш тартышты.

КР УКМК тарабынан учурда тергөө-ыкчам иш-чараларын уланууда.
 

Последние новости