www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 16-декабрында КР УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү жолу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Чүй облусунун Чүй районунун акими Т.Р.Т. кармалды.

Тактап айтканда, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Р.Т.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомунун талаптарын бузуп, 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген, бирок иш жүзүндө 20 гектар жер участогун пайдаланууга уруксат бергени аныкталган.

Мындан тышкары, Чүй районунун акими Т.Р.Т. айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу кутумга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген.

2025-жылдын 16-декабрында жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Чүй районунун азыркы акими Т.Р.Т.  КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Последние новости