www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын инфраструктурасы жана жабдууларынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасына (ООАБКО) барды. Анда ал стационардын медициналык ишмердүүлүгү жана инфраструктурасынын учурдагы абалы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө оорукананын директору Атабек Жумалиев ведомствонун башчысына жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле регион калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берди.
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу ыкчам кардиология жана рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмдөрүнө барып, медициналык жабдуулардын абалы менен таанышты. Тактап айтканда, оорукананын жетекчилиги компьютердик томограф учурда толук көлөмдө иштеп жатканын, ал эми ангиографиялык аппарат тетиктеринин эскиришине байланыштуу иштен чыкканын маалымдады.