www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Москвада  оор кылмыш ишинин бетин ачышты

2019-жылдын март айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандары кайрылып, дайынсыз жоголгон Баткен облусунун Баткен районунун жашоочусу, 1981-жылы туулган Р.Ж. аттуу тууганын издөөгө жардам көрсөтүүнү суранышкан. Ал 2019-жылдын 23-март күнү Москва шаарынын Верхние көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени жана чалууларга дагы жооп бербегенин айтышкан. Ошондой эле, дайынсыз жоголгон адам ошол күнү достору менен чыгып кеткен жана сары түстөгү“Форд Галакси” үлгүсүндөгү автоунаасы дагы токтоп турган жеринен жок болуп кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Туугандары аймактык бөлүмгө  Р.Ж. аттуу тууганы дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз жазуудан баш тартышкан жана мурда Москва облусу менен Москва шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөндүгүн айтышып, өз күчтөрү менен издөөгө аракет кылышкан.

2019-жылдын апрель айынын башында Р.Ж. аттуунун туугандары кайрадан Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө кайрылышып, алардын арыз жазуулары уюштурулуп, аталган факты Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык бөлүмдөрүнө катталган.Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Москва шаарынын Домодедово шаардык округунун жанындагы жолго жакын жердеги талаадан азият түспөлүндөгү 40 жаштардагы белгисиз адамдын бетинде, моюнунда, артында жаракаттары бар жансыз денеси табылган.  Аталган факты боюнча соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган.

Россиянын Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча  Башкы тергөө башкармалыгынынын аймактык тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 23-мартынан баштап дайынсыз жоголду деп эсептелинген Р.Ж. аттуунун өлүгүн туугандары таанышкан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин жана Тергөө комитетинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, оор кылмыш ишине тиешеси бар жаран аныкталып, кармалган. Шектүү Москва облусу менен Москва шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун Ноокен облусунун 1993-жылы туулган Т.А. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө сары түстөгү “Форд Галакси” үлгүсүндөгү маркумга таандык автоунаа такталып, кылмыш ишине бекитилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Оор кылмыш ишин жасоого шектелген Т.А. аттуу жаран Р. Ж. Аттууга таандык автоунааны сатуучуларга 200 000 рублга сатып жиберген. Андан соң, сатып алуучулар автоунаанын аукционго 500 000 рублга баалап коюшкан. Азыркы учурда Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Т.А. аттууга карата кылмыш ишине шектүү катары айып тагылып, тергөө абагына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости