www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова убактылуу кармоочу жайда милиция тарабынан ур-токмокка алынган жарандар менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 16-июнда Акыйкатчынын аппаратына Аламүдүн райондук милициясында шектүү катары кармалган жарандардын ур-токмоко алынышы тууралуу маалымат түшкөн.

Атыр Абдрахматова аппараттын кызматкерлери менен бирге маалыматты тастыктоо үчүн райондук милицияга барган. Анда кармалган адамдар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) жеткирилгени маалым болгон. Ал эми шаарга барганда эч ким алынып келбегендиги белгилүү болгон.

“Жарандар Чүй облусунун Москва, Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан табылып, Атыр Абдрахматова жеке жолугуп сүйлөштү. Бири Москва районунда, экөө Сокулук райондук милициясынын кармоочу жайында кармалып турушкан”, - деп айтылат маалыматта.

Сокулуктагы кармалып турган эки жаран арыз жазуудан баш тарткан. Алардын бирөөсүнүн оң көзүндө шишик байкалган. Москва районундагы кармалып турган адам арыз жазган.

Бул боюнча тийиштүү иштер башталды.

“Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан Акыйкатчынын иш алпаруусуна тоскоолдуктар болуп, жеринде акт түзүлдү. Бул боюнча дагы тийиштүү иштер алып барылат”, - деп кошумчалашты Акыйкатчы аппаратынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости