www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Кыргызстанда Беларусия жана Литвадан келген каза болгон альпинисттердин сөөгүн издөө жана алып түшүү боюнча операциянын жаңы этабы башталды. Бул тууралуу ыктыярчылардын штабы билдирди.

«Тик учак 4300 метр бийиктиктеги мөңгүгө беш альпинисттен турган топту жеткирди. Куткаруучулар лагерь куруп, ишти башташты.

Кечке жуук алар топтун эки мүчөсүнүн сөөгүн табышты. Учурда аларды тоодон түшүрүү иштери башталды. Үчүнчү альпинистти издөө уланууда», — деп билдиришти штабдан.

Штаб азырынча сөөгү табылып, түшүрүүгө даярдалып жаткан альпинисттердин аты-жөнүн ачыктаган жок.

Эске салсак, Беларусиянын жарандары 43 жаштагы Максим Полянский, 60 жаштагы Николай Свиридов жана Литванын жараны 37 жаштагы Сергей Рубцов 2-августта Корумду чокусун ийгиликтүү багындырышкан. 4-августта алар базалык лагерге түшүүнү баштамак, бирок белгиленген убакта байланышка чыгышкан эмес. Андан соң Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана ыктыярчылар издөө иштерин баштаган. Бирок аба ырайынын начардыгы издөө иштерин кыйындатып, баалуу убакыт жоготулган.

Корумду чокусу Ленин чокусунун чыгыш тарабында жайгашкан. Ал Чоң-Алай кырка тоосунда, Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын чек арасына жакын аймакта орун алган. Тоо массиви кууш кырлары, тик аскалуу чокулары жана тик капталдардан түшкөн мөңгүлөрү менен мүнөздөлөт.

2001-жылга чейин ар кайсы өлкөлөрдүн экспедициялары чокуга бир нече жолу чыгууга аракет кылган, бирок ийгиликке жетишкен эмес. Чокуга биринчи жолу 2001-жылдын 12-октябрында Александр Губаев жетектеген Кыргызстандын командасы чыккан. Алар 6096 метр бийиктиктеги түндүк кырка аркылуу көтөрүлүшкөн.

Последние новости