www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычын тапшыруу аземине катышты. 

Касымалиев президенттин жана министрлер кабинетинин атынан Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы унаатехниканын алынышы менен куттуктады. 

“Алынган автотранспорттордун арасында Кыргызстандагы “Тулпар Моторс” заводунан чыгарылган 19 даана JAC Т-6 үлгүсүндөгү унаасы жана 36 даана Chevrolet үлгүсүндөгу унаа бар экенин белгилеп кетким келет. Ата-Мекенди коргоо – эң ыйык милдет. Заманбап армия – ата-бабалардын демин, доордун даанышмандыгын айкалыштырган армия. Азыркы жоокерлер – мурдагы жоокерлердей эле эр жүрөк адамдар. Бирок алардын колунда эми кылыч эмес, заманбап технологиялар. Калкандын ордуна алар мыйзамды жана тартипти сакташат; жаанын ордуна алар билимди жана тактыкты кармашат; жеке күчтүн ордуна биримдикти жана аскердик тартипти кармап турушат. Биздин жоокерлер өз Мекенинин алдындагы жоопкерчилигин терең сезген жоокерлер экенине ынанабыз. Сиздердин берген антыңыздар жөн эле сөз эмес, ал тагдыр. Буйрук милдет эмес, сыймык. Кызмат кесип эмес, өмүр бою жоопкерчилик. Мына ушундай Армиябыз болгондо чек арабыз бекем корголуп, асманыбыз тынч, мамлекетибиз туруктуу жана ишенимдүү болот”, - деген МинКаб Төрагасы бүгүн тапшырылып жаткан техникалар аскер бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн арттырып, өздүк курамдын коопсуз жана ыкчам кыймылын камсыздай турганын кошумчалады.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган.

МинКаб Төрагасы Коргоо министрлиги санариптештирүүнүн биринчи этабын, документ жүгүртүүнү, жарандык кадрларды эсепке алууну жана аскердик каттоо процесстерин иретке келтирүүнү ийгиликтүү ишке ашырганына токтолуп сөзүн улантты. Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди, үстүбүздөгү жылдын март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат. Аскердик билеттерди санариптештирүү башталды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чараларына да токтолду. Учурда: Бишкек шаарында күнүмдүк ижара акысынын компенсациясы 500 сомго чейин, ал эми аймактарда 420 сомго чейин көтөрүлдү; ипотекалык турак жай үчүн ай сайын компенсация төлөнөт - аскер кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында 18 миң сом, аймактарда 15 миң сом; 20 жылдан ашык кызмат өтөгөндөргө ипотекасын толук кутулганга чейин төлөп берилет; кайсы аймакта кызмат кылбаңыздар сиздерге өзүңүздөр тандаган жерден ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк берилет; Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына жакынкы арада бүтчү үйлөрдөн 900дөн ашык батир берилет. 

Последние новости