www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын борбору Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Кыргыз спортчуларынын ийгиликтүү жыйынтыктары Коргоо министрлигинин жетекчилигинин көңүл сыртында калган жок.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эң титулдуу балбандарынын бири, белгилүү Ата Мекендик спортчу, Олимпиада жана азия оюндарынын байге ээси Акжол Махмудов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Коргоо министри Акжол Махмудовду жакында жетишкен жеңиши жана чемпиондук наамды багындырганы менен куттуктап, анын жогорку деңгээлдеги чеберчилигин, кайраттуулугун жана спортко болгон берилгендигин белгилеп өттү. Бул Акжол Махмудовдун карьерасындагы төртүнчү алтын медаль болуп, кыргызстандык спортчулар арасында рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Генерал-майор Руслан Мукамбетов спортчунун өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого кошкон олуттуу салымы патриоттуулуктун, максатка умтулуунун жана Мекенге берилгендиктин үлгүсү болуп, Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларына жана республиканын жаштарына өрнөк болоорун баса белгиледи.

Акжол Махмудов Коргоо министрине көрсөтүлгөн колдоо жана жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирип, Куралдуу Күчтөрдө спорт тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга, аскер кызматчылардын дене даярдыгын жогорулатууга жана спортту жайылтууга багытталган иш-чараларга жана долбоорлорго катышууга даяр экенин билдирди.

Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Ата Мекендик спортчуларды колдоого жана Куралдуу Күчтөрдүн катарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

Ошондой эле, аталган чемпионаттын алкагында Азия чемпиону болуп, алтын медаль алган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер кызматчысы Асан Жанышовдун жетишкендигин да белгилеп кетүү зарыл. Ал мындан ары да Акжол Махмудов сыяктуу жогорку жетишкендиктерге жетет деген ишеним бар.

Последние новости