www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова ээлеген кызматынан өзүнүн берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн. Социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты четке кагып келген.

Эске сала кетсек, Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барганы аныкталганын Башкы прокуратура өз текшерүүсүнүн жыйынтыгына таянып билдирүү тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости