www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп аял алуу кайрадан талкууга түштү

АКШнын Юта штатында көп аял алуу Кылмыш кодексинен алынышы ыктымал. Аталган штаттын мыйзам чыгаруучулары  көп аял алууну  жеңил кылмыш катары эсептөөнү сунуш кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Азыркы учурда көп аял алгандар мыйзам боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзамсыз эле бир нече аял менен жашоо Ютада жүздөгөн жылдардан бери бар. Бирок, бул мыйзам долбоорунун автору андай үй-бүлөлөр куугунтукталып, жаап-жашырууга алып келип жатканын жана курмандыктар болгону  ачыкка чыкпай жатканын айткан.

Анткен менен жаңы долбоорду сындагандар бул мыйзам бузгандарды күчөтүп, берилген эркиндиктен аша чаап колдонууга алып барат дешет.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости