www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 23-мартта, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы эл аралык кырдаалга, ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыктын жүрүшүнө байланыштуу пикир алмашуу болду.
Адилет Орозбеков менен Сергей Вакунов өз ара пайдалуу жана тең укуктуу мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн азыркы жогорку деңгээли Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет, мамлекеттердин жана элдердин тынчтык жолу менен өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзөт, ошондой эле азыркы чакырыктарды жана коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимдерин билдиришти.