www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 6-апрелинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчысына кайрылганы тууралуу маалымат жарыяланды.
Бул кайрылууга байланыштуу КР УКМК ыкчам тартипте көрсөтүлгөн кызматкердин айтылган фактыларга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча УКМКнын жетекчилиги тарабынан бардык жагдайлар толук аныкталып, Кыргыз Республикасынын Аскер Прокуратурасы тарабынан укуктук баа берилгенге чейин тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан мезгилде Б.Р.ди ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынды.