www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин чет жагында, Чүй облусундагы трассаларда контрабанда аркылуу алынып келинген бензиндер 55-57 сомго чейин сатылууда. Бул көрүнүш соңку убактарда абдан жайылып кетти. Көзөмөлдөгөн жан жок. Тийешелүү органдар иштебесе ушул экен да. Казакстандан контрабандисттер күйүүчү майларды арзан алып чыгышып, жол боюнда канистрлеп сатып атышат.

Албетте, айдоочулар арзан бензинди ала беришет тура. Мындай башаламандык 1990-жылдардан кийин болду эле. Карачы, бул артка кетүү эмеспи? Бардак, ыраатсыздыкка жол чапкан өзүмбилемдик качан тыйылат? Мамлекет болобузбу же “малканага” айланганыбыз ушулбу?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости