www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов менен Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчи-консулу Нурлан Гильмановдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “90/180” миграциялык режиминин башталышын эске алуу менен жарандардын өз ара келүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелеринде натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында дипломаттар активдүү диалогду улантууга даярдыгын ырасташты жана үзгүлтүксүз байланыштарды кармап турууну макулдашышты.
Маалымат үчүн: буга чейин маалым болгондой, 2025-жылдын 30-ноябрынан тартып Казакстан Республикасынын Чек ара кызматы болуу мөөнөттөрүнөн ашып кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарына карата чектөөлөрдү колдоно баштаган.
2025-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы Казакстан Республикасынын жарандарына карата окшош мүнөздөгү чараларды колдоно баштаган.