www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2026-жылдын 17-февралында президенттин айрым конституциялык жоболорду расмий чечмелеп берүү тууралуу сунушун карап чыгып, жыйынтык чыгарды.

Соттун чечиминде Конституция мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнүн жана иштешинин негизги укуктук негизи экени белгиленет. Ал туруктуулукту камсыз кылууга тийиш, ошол эле учурда коомдогу өзгөрүүлөргө жооп бере алган “жандуу документ” бойдон калат.

Конституциялык сот 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жыйынтыгында жаңы Конституция кабыл алынып, мамлекеттик бийликтин жаңы модели бекитилгенин эске салды. Ошол эле учурда бир конституциялык моделден экинчисине өтүүдө укуктук мураскерлик жана укуктук аныктуулук сакталууга тийиш экени белгиленди.

2010-жылдагы Конституцияга ылайык, президент 6 жылга бир мөөнөткө шайланчу. Ал эми 2021-жылдагы редакцияда президент 5 жылга шайланып, эки мөөнөттөн ашык иштей албайт деп көрсөтүлгөн.

Чечимде Садыр Жапаров 2010-жылдагы Конституциянын шарттарында 2021-жылдын 28-январында 6 жылдык мөөнөткө шайланганы белгиленет. Ошондуктан анын мандаты мурда белгиленген алты жылдык мөөнөт менен аяктайт.

Сот 2021-жылдагы Конституциядагы 5 жылдык мөөнөт буга чейин башталган президенттик мандатка жайылтылбай турганын билдирди. Анткени бул норманы артка карай колдонуу укуктук аныктуулук принциптерине каршы келет.

Ошол эле учурда 6 жылдык мөөнөт жаңы Конституциядагы “эки мөөнөттөн ашык эмес” деген чектөөнүн алкагында биринчи мөөнөт катары эсептелет.

Конституциялык сот мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө негиз жок экенин да белгиледи. Баш мыйзамга ылайык, мындай шайлоо президент өз каалоосу менен кызматтан кеткенде, импичмент аркылуу кызматтан четтетилгенде, ооруп ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда гана өткөрүлөт. Бул негиздер жабык тизме болуп эсептелет жана кеңейтилбейт.

Мыйзамга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында — январдын төртүнчү жекшембисинде өтөт. Шайлоону дайындоо чечими Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 24-сентябрынан кечиктирилбей кабыл алынышы керек.

Последние новости