www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө кызды уурдап, колун скотч менен таңып, унаанын багажына жүктөп кетишкен делип 2 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-майда Сокулук РИИБге 1995-жылы туулган кыз киши кайрылып, ошол күнү саат 19:25 чамасында Бишкек — «Манас» аэропорту унаа жолунда анын денесине залал келтирип, колун скотчтоп, унаанын багажнигине салып, белгисиз тарапка алып кеткен жарандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. Кыз менен шектүү катары кармалгандардын бири тааныш болгон. Ал дос баласы менен сүйлөшүп алып, кызды уурдамак болушат. Кызды унаага салган соң, кыз таанышы менен уруша кетип, денесине залал келтирет. Экөөлөп колун байлап, багажникке салып салган. Шектүү катары 2 жигит кармалып, камакка алынган.

Последние новости