www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орто кесиптик билим берүү мекемелерине абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи турунда негизги тесттин босого баллы 80 баллга чейин төмөндөтүлдү. Мындай чечим Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругу менен кабыл алынды.
Министрликтин маалыматында, бул өзгөртүү окутуунун бардык формалары боюнча гранттык жана келишимдик негиздеги орундарга тиешелүү. Ошондой эле адистиктер боюнча өтүүчү конкурска абитуриенттер кошумча предметтик тесттердин жыйынтыктарысыз катыша алышат.
Мындай чечим жарандардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын кайрылууларынын негизинде жана кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынган.
Абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун бешинчи туру бүгүн, 10-августта башталат.