www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясына качан чекит коюлат?

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-август күндөрү экс-ажо Атамбаевди камайбыз, кармайбыз деп барган Кой-Таштагы окуяга качан чекит коюлуп, күнөөлүүлөр качан жазага тартылат?

Дегенибиз окуя болгонуна 2 айдын жүзү болуп, опулдагандар, опурулгандар жазага тартыла элек. Ошол окуядагы укук коргоо органдарынын жетекчилери шалаакылыктары, кесипкөй эместиктери ойго салат. Бул боюнча отставкадагы генералдар, полковниктер, коомдук саясий ишмерлер өз пикирлерин билдиришти. Алардын пикирине таянсак бул операция туура эмес убакытта, туура эмес жерде жана профессионал эмес кызматкерлер менен жасалганын, укук коргоо органдарынын ортосунда координация да жок болгонун айтышты. Алтургай күч органдарынын куратору вице-премьер Жеңиш Разаковдун  да бул окуя боюнча кабары жок экени комиссияда айтылды.

Бардык күч структураларынын кураторунун жасала турган операциядан кабары жок болсо, өлкө башчы эмгек өргүүсүндө, спикер эс алууда, өкмөт башчы Ысык-Көлдө саммитте, күч органдары ОДКБнын жыйынына карата Балыкчыда болсо бул операция өзүм билемдик менен эле Опумбаев тарабынан жасалганбы?  ИИМ башчысы да орун басары менен Солтон-Сары кениндеги элдин нааразычылыгы боюнча Нарында жүргөн. Бардык башчылар сыртта жүргөндө УКМК жетекчиси эмне себептен мындай кадамга барды? Кеп ушунда. Опумбаев аз сандагы кызматкерлер менен эле Атамбаевди алып келем дегени, ал операцияда 6 альфачы барымтада калып, 1 жоокердин каза болушу эмнеден кабар берет? Бул бир жагы. Экинчи жагы ошол күнү ИИМ орун басары Курсан Асановдун өздүк курамды эч кандай коргоочу каска же жана калкандары жок алып барганы туура болгонбу? Же сүйлөшүү жолу менен эле маселени чечем дедиби? Анткени буга чейин да мындай кырдаалдан сүйлөшүү жолу менен чыгып келгени эсибизде. Сүйлөшүү демекчи, Атамбаевдин тарапташтары менен болгон сүйлөшүүдө УКМК жетекчиси Опумбаев менен ИИМ орун басары Курсан Асанов жолугушуп, Асановдун "барымтадагыларды бошоткула, калган маселени кийин сүйлөшөбүз" деген видео тасмалары тараган. Албетте, ал учурда Атамбаевдин жаалданган тарапташтары "Альфанын" аракетинин таш талканын чыгарып, алардагы болгон курал жарактарды тартып алып тим болбой, алты кызматкерди барымтага алып коюшкан. Атамбаевдин тарапташтары ал учурда ок атуудан кайра тартпай турушкандыктан, кан төгүлүп кетүү коркунучу бар эле. Демек, ал учурду туура баамдаган Курсан Асанов, өздүк курамды отко айдабай, абалга жараша окуяны ырбатпай көзөмөлдөп турганы комиссиянын жыйынында айтылбадыбы. Тагыраагы, ИИМдин орун басары Алмаз Орозалиев комиссиянын жыйынында ал жакка барганында Курсан Асанов өздүк курамды кармап турганын айтты. Эгер ал күнү ИИМ министри Жунушалиев өзү болгондо окуя кандай багытта өнүкмөк? Кырдаал курчуп, эл менен күч органдарынын ортосунда тиреш күчөп кетмек эмес беле? Балким чындап эле ИИМ кызматкерлеринин курал-жараксыз барганы абалды турукташтырууга себеп болду. Ал эми 8-август боюнча да бир катар күмөндүү жагдайлар бар. Курсан Асановго карата коюлган кинени буга чейин укпаптырбыз. Айрым депутаттар айткандай “милициянын кызыкчылыгын сатты”- деген берене мыйзамда да жазылган эмес экен. Анда: «Милициянын кызыкчылыгын сатты деген берене жок. Мамлекеттин кызыкчылыгын сатты деген гана берене бар. Ушул жагын эске алсак, Курсан Асановго дооматты да жөндөп кое албай жатышат». Дагы бир маселе курал-жарактар боюнча. Сүйлөшүүгө барган Асанов куралдарды санап жатканын видео тасмалардан көрсөк болот. Дагы бир кине тергөө тобу келмейинче эч бир буюмга тийбеш керек болчу, ал жактагы манжалардын издери кетип калды деген кине. А бирок ошол тергөө тобу түзүлдү беле? Башчысы Памир Асанов каякта эле? ПСИНдин башчысы Султаналиев комиссияга айтып бергендей курал-жарактарды  материалга ороп казармага алып кеткенден кийин, тергөө тобу эртеси күнү алып кеткенин айтты. Кыскасы бардык аткарылган иштерде катачылыкка жол берилген.

Эң кызыгы, жогорудагы жетекчилердин комиссияга берген көрсөтмөлөрүнө абай салсак, алар өздөрүнүн карама-каршы көрсөтмөлөрү менен болгон чындыкты айтып коюшканы байкалып турат. Алардын сөзүнө таянсак, Курсан Асановдун ошол учурдагы кадамдарын, анын кесипкөйлүгүн булар да тастыктап коюштубу?  Ушул окуядан кийн суроо туулат.

1.Окуядан кабары жок, УКМК менен ИИМдин ишин координациялай албаган күч структураларынын куратору вице-премьер Жеңиш Разаковдун комиссияны жетектөөгө моралдык укугу барбы? Коомчулукка, кошуналарга атайын операциянын ашмалтайын чыгарып аткарып уят болгондон кийин жетекчи болуп олтуруу канчалык туура?

2. УКМК жетекчиси ишинде кетирген шалаакылыгы, кайдыгерлиги, тажрыйбасыздыгы үчүн жооп береби?

3.ИИМ жетекчилери ичинен ирибей мындай кырдаалда бир билек,  бир тилек болуп биригиши керек эле. негедир андай болбой өздөрүнүн арасынан акыркы сволочту издөө менен алек болуп калышты. ИИМ министри мындай жүрүшү менен коомчулуктун ИИМге болгон ишенимине суу сепкендей болду. Журналист Уран Байматовдун ачуу чындыгы "Факты.kg" гезитинен алынды.


Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости