www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилияда жааган катуу жаан-чачын кофенин түшүмүн жыйноону кечеңдетип, арабиканын сапатын төмөндөттү. Натыйжада рынокто сапаттуу кофенин көлөмү азайышы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Expocacer кооперативинин башкы директору Симао де Лиманын баамында, нөшөрлөгөн жаан дарактардагы кофе мөмөлөрүнүн орточо 20 пайызга жакынын жууп кеткен. Адатта мындай жоготуулар 5–7 пайызды түзөт.

Түшүм жыйналгандан кийин абал дагы курчуду: июль айында жаан кайрадан ачык асман алдында кургатылып жаткан кофеге жааган. Айрым өндүрүүчүлөр кофени кайрадан кургатууга аргасыз болушкан. Бул данектин сапатына кошумча таасирин тийгизген.

Ашыкча нымдуулуктан улам кофеде көгөргөн жана чириген даам пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда жогорку сапаттагы арабикага коюлган талаптарга жооп берген данектердин үлүшү адаттагы 30–35 пайыздан 10–15 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн.

Сапатка байланыштуу көйгөйлөр баага да таасирин тийгизди. Июнь айынан бери арабика кофесинин фьючерстери болжол менен 35 пайызга кымбаттады.

Последние новости