www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына ылайык, 14–20-август аралыгында өлкө аймагында алдын ала эсеп боюнча 28 367 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Алардын ичинен:

  • тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 948;
  • мас абалында унаа башкаруу — 519;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 224;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар — 873;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 236;
  • автоээнбаштык — 38;
  • белгиленген ылдамдык чегинен ашуу — 2 119;
  • жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 17;
  • башка жол эрежесин бузуулар — 15 073.

Мындан тышкары, жол эрежесин бузгандыгы үчүн 3 320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короолорго киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Последние новости