www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июлунда Кочкор районунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен бир катар өзгөчө кырдаалдар орун алды.
Сары-Булак айылында сел суулары ички чарбалык жолду жана бир турак үйдүн короосун каптады. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөтү жана атайын техникалар тартылып, арыктар, жолдор жана турак үйлөрдүн короолору тазаланды.
Кара-Суу айылындагы Көл-Үкөк жайлоосунда сел суулары мал жандыктарын каптап, унаа жолундагы көпүрөнү агызып кетти. Жабыркаган жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүп, учурда тиешелүү кызматтар тарабынан калыбына келтирүү жана тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кара-Күнгөй айылында БСРден суу ашып кетүү коркунучу жаралып, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда дамбаны бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 800 кап кум толтурулуп, кооптуу аймакта жайгашкан 20 турак үйдүн тургундары коопсуз жайларга эвакуацияланды.
2-июль күнү райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан Кара-Суу, Семиз-Бел жана Кара-Саз айылдарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштер улантылууда.
Эскертүү
Урматтуу ата-энелер!
Жаан-чачынга байланыштуу райондогу арыктарда, каналдарда жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, агымы күчөдү.
Балдардын коопсуздугу үчүн аларды дарыялардын, каналдардын, арыктардын жээктерине жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарга жакындатпоону катуу көзөмөлгө алуу сунушталат.